• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ККМ боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Биринчи май районунун кызматкерлери Салык кызматы, МАБ менен биргеликте соода борборлорунда, базарларда жана кичи базарларда, дүкөндөрдө, стационардык соода жайларында чарбалык ишмердүүлүк менен алектенген чарба субъектилеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жумушчу топ Чүй жана Б. Баатыр проспектисинин кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктө 68 соодагер жана «Кудайберген» базарынын бир миңге жакын сатуучулары менен жолугушту, ошондой эле МАБ кызматкерлери өз аймактарындагы ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда райондо 3 базар, 9 соода борбору бар.

Товар жүгүртүүлөрү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алышат. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. 8 миллион сомго чейинки соода жүргүзгөн чакан ишканалар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен салыктан бошотулган.

«Урматтуу ишкерлер! Салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп, кассалык аппаратты орнотконуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. KKM-online - бул ишкердик субъектиге таандык электрондук түзүлүштөргө (персоналдык/ноутбук компьютер, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөргө) орнотулган программалык камсыздоо, анын жардамы менен накталай операциялар жүргүзүлө турган виртуалдык кассалык машина болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий