• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте классикалык күрөштүн мыктылары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. 8-9-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган күрөштүн классикалык түрү боюнча республикалык турнир болуп өттү.

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, 47-турнирге дээрлик 100гө жакын спортчу үч салмактык категория (70 кг, 90 кг, +90 кг) боюнча катышкан.

Чучукулактын жыйынтыгы боюнча 90 кг салмактык категория боюнча Жаныбек Аллакулов жеңишке жетип, финалга чыккан. Ал эми 70 кг салмактык категорияда Канатбек Сайдуллаев, оор салмак боюнча Эрнисбек Сүйүнбаев жеңишке жеткен, бирок ал чечүүчү кармашта Жаныбек Аллакуловдон утулуп калган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

70 кг чейин;

1 Канатбек Сайдуллаев 1997

2 Өмүрзак уулу Мыктыбек 1999

3 Жумабек Жолдошев 1987

90 кг чейин;

1 Жаныбек Аллакулов

2 Муратбек Момунов

3 Аманилла уулу Шерикбай

90 кг ашун;

1 Эрнисбек Сүйүнбаев 1986

2 Нурбек Кожобеков 1988

3 Кайрат Маматзакиров 1993.

Пикир

Оставить комментарий