Бишкекте "Клексан" дарысын кымбат баада сатууга аракет кылган алып сатар кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Бишкекте 50 куту "Клексан" дарысын сатууга аракет кылган алып сатар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы соода борборлорунун биринин жертөлөөсүндөгү унаа токтотуучу жайында контролдук сатып алуу жүргүзүү учурунда "Клексан" дарысын кымбат баада сатып жаткан алып сатар кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда унаада 50 куту "Клексан" дарысы табылган.

Пикир

Оставить комментарий