• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун III отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 14.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарында Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумда Кыргызстандын маданият министри Кайрат Иманалиев жана Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилованын маданият жаатында кызматташуу, буга чейинки кол коюлган келишимдер, биргелешкен иш- чаралар жана алдыда жасала турган кадамдар тууралуу пикир алмашуу болду.

Тактап айтканда, жыйында китепкана, билим берүү (тажрыйба алмашуу, мастер -класстар, студенттер жана маданият жана искусство тармагындагы кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстар), кинематография (Россия менен Кыргызстандын жумалыгы, келечектүү долбоорлордун бет ачаарлары), региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын жабылыш аземине даярдануу тууралуу маселелер талкууланды.

Эске салсак, отурумга Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары О.С.Ярилова ошондой эле,

- Россия Мамлекеттик китепканасынын башкы директору – В.В.Дуда;

- Дагестан Республикасынын маданият министри - З.А.Бутаева;

- Ханты -Мансийсктин Югра районунун маданият департаментинин директору - А.А.Латыпов;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун башкы директору - Е.В.Филатов;

- Орус театр искусство институтунун (ГИТИС) жалпы иштер боюнча проректору - М.Г. Кирюшкина;

- Орто кесиптик жана кесипке чейинки билим берүү боюнча проректор, Гнесин атындагы музыкалык окуу жайынын директору - В.А.Гроховский;

- Орус кинофестивалынын башкы продюссери - И.В.Хомский;

- Россиянын Маданият министрлигинин Музей жана тышкы байланыштар департаментинин директорунун орун басары - А.А.Кузнецов;

- Россиянын Маданият министрлигинин Музей жана тышкы байланыштар департаментинин КМШ, ЕАЭБ жана эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы - М.С.Сергиенко;

- Башкортостан Республикасынын маданият министри - А.И.Шафикова;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун маркетинг жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору - Н.А.Степанова;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун биофильмография жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу - О. Н. Деревянкина;

- Чыгыш элдеринин мамлекеттик искусство музейинин башкы директору - А.В.Седов;

- Орус этнографиялык музейинин директору - Ю.А. Купина;

- «Виртуальный Русский музей» мамлекеттик орус музейинин кызматынын жетекчиси - М.Ю.Гладких;

- Бүткүл россиялык декоративдик-колдонмо жана элдик чыгармачылык музейинин директору - Е.В. Титова;

- М.И.Рудомино атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик чет элдик адабият китепканасынын башкы директорунун орун басары - М.Х.Паласио;

- Коми Республикасынын маданият, туризм жана архив иштери министри - М.А.Балмастова;

- И. Кобзондун маданий фондунун директору - А. В. Собяниндер катышты.

Пикир

Оставить комментарий