• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын 6-жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын башчыларынын 6-аймактык кеңешмеси болуп өттү, деп билдирди КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аймактык форумга шериктештикке кирген 5 мамлекеттин чек ара ведомстволорунун: Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кызматтары катышты.

Жыйындын катышуучуларына КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин Борбордук Азия чөлкөмүнүн тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунуч туудурган негизги маселелер жана коркунучтар, кырдаалдын Афганистан багытындагы өнүгүү тенденциялары каралды жана чек ара коопсуздук системасын мындан ары биргелешип бекемдөө боюнча чаралар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында протоколго кол коюлду, анын сунуштары 2022-жылдын 18-майында Түркстан шаарында өтүүчү Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин отурумунда талкууланат.

Кийинки аймактык кеңешмени 2023-жылдын биринчи кварталында Казакстанда өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий