• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. 11-12-октябрь күндөрү Бишкекте КМШдагы өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Съезддин темасы – "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнүктүрүү".

Съезддин катышуучуларына КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков кириш сөз менен кайрылуу жасайт.

Иш-чаранын ачылышы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Андан соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардык университеттер жана мектептер кабыл алат.

Мыкты мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери “КМШнын билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланат.

Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында көргөзмө экспозициясы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий