• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кечээ, 29-сентябрда КРнын Коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеӊешинин катчысы, генерал-майор Юрий Дашкин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КМШга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашып, аскердик-саясий кырдаал жөнүндө маалыматтарды жана анын шериктеш мамлекеттерге тийгизе турган таасирин карап чыгышты.

Генерал-майор Б. Бекболотов Коргоо ведомстволорунун багытындагы иш-чаралар быйылкы жылы, өткөн жылга салыштырмалуу чоң көлөмдө ишке ашып, жакшы жыйынтыктарга жетишкенин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, Коргоо ведомствосунун башчысы Коргоо министрлеринин кезектеги Кеӊешинде карала турган документтердин долбоорлорун ыкчам түрдө кароого ишеним берди.

Жолугушуунун соӊунда тараптар жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер үчүн бири бирине ыраазычылык айтышып, КМШга мүчө мамлекттердин куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө багытталган эл аралык келишимдерди ишке ашырууга анын алкагында аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий