• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте КМШнын бажы кызматтарынын башчыларынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. 19-20-июнь күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 69-отуруму жана Бажы биримдигине мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясынын 31-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын бажы кызматтарынын, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышкан.

Отурумдарда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин бажы органдары тарабынан Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколунун 56-беренесинин укук колдонуу тажрыйбасын колдонуу, товарлардын транзитинин бирдиктүү системасы, электрондук декларациялоо, товарларды алып өтүү, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өтүүчү товарларды өздүк пайдалануу үчүн товарларына киргизүү боюнча бажы кызматтарынын бирдиктүү мамилелерин бекитүү, айрым товарлардын түрлөрүн ЕАЭБдин бирдиктүү тышкы экономикалык ишинин Товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо, тобокелдиктерди аныктоо жана азайтуу, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасынын бирдиктүү стандарттарын түзүү маселелери каралган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүү маселелерине дагы кыйла көңүл бурулган.

"Кеңеш тарабынан 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода зоналарын түзүү жөнүндө макулдашууга жана 1999-жылдын 4-июнундагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактары аркылуу транзиттин тартиби жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттер ортосунда өтүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби тууралуу Макулдашуунун жоболорун өзгөртүүгө багытталган документтер жактырылган", - деп айтылат маалыматта.

Отурумдарда кабыл алынган чечимдер ЕАЭБге мүчө- мамлекеттердин жана КМШга катышкан мамлекеттердин бажы кызматтарынын тажрыйбалык өз ара аракеттенүүсүнүн, кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталгандыгын белгилей кетүү керек.

Пикир

Оставить комментарий