• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Кока Кола" заводун кеңейтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бишкекте "Кока Кола" заводун кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, завод Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келе жатат жана ички рынокто алкоголсуз суусундуктарды чыгарган ири ишканалардын бири.

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин аталган объектке болгон иш сапарынын алкагында ишкананы өнүктүрүү жана кеңейтүү, кубаттуулугун жогорулатуу, кошумча жумушчу орундарды түзүү жана башка пландар боюнча маселелер талкууланды.

Заводдун жетекчилиги да экскурсия өткөрүп, өндүрүлүп жаткан продукция менен тааныштырды.

"Coca-Cola Bishkek Bottlers жабык акционердик коому экология, социалдык ишкердик чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду активдүү колдойт, район башчысы мындай долбоорлорду ишке ашырууда өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Тараптар мындан аркы өнөктөштүк тууралуу макулдашты жана конкреттүү аракеттерди белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий