• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте колледждин студенттери тарабынан жасалган азыктардын жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бишкекте колледждин студенттери тарабынан жасалган азыктардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 27-февралда Султан Ибраимов атындагы колледждин студенттери жана ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан жаңы азыктардын даамын татуу боюнча жарманке өткөрүлөт.

Иш-чара ишкерлердин, ата мекендик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен студенттердин ортосундагы баарлашуу үчүн талкуу аянтчасына айланат.

Уюштуруучулар тарабынан концерттик жана көңүл ачуучу программа даярдалып, коноктор азыктардын даамын тата алышат. Мындан сырткары, пенсиялык күбөлүгү бар адамдар жеңилдиктер менен камсыздалат.

Жарманке 27-февралда саат 11:00дөн 18:00гө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий