• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте «Командалык борбор» өз ишин баштады. Иш-чарага Жээнбеков катышууда

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «Командалык борборунун» жана Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун ачылышына катышууда.

Мамлекет башчысы тизилип турган Патрулдук милициянын отряды менен саламдашты. Президент командалык борборду көрүп, андан соң имаратты кыдырып чыгат.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, аталган борбор Патрулдук милиция менен тыгыз иш алып барат.

«Командалык борбор» Коопсуз шаардын камералары жана адамдын жүзүн тааный турган видеокамер менен байланышта болуп, милицияга маалымат берүүдө көмөк көрсөтөт.

Патрулдук милиция пилоттук режимде Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштейт.

Пикир

Оставить комментарий