• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте коменданттык саат учурунда ичинде акчасы бар терминал уурдалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө 6-апрелдин түнүндө баасы 1,5 миң доллар болгон терминал уурдалган.

Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, Свердлов райондук милициясына Т.Б. аттуу жаран кайрылып, Абдрахманов көчөсүндө баасы 1,5 миң доллар болгон жана ичинде 61,6 миң сом акчасы бар терминал уурдалганын билдирген. Кылмыш болжол менен саат 02:10дө жасалган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодекстин 200-беренеси ("уурулук") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий