• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Орозалиев: Бишкекте коменданттык саатты бузган 119 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 119 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 102си эркек, ал эми 17си аял кишилер. Кармалгандардын арасында 3 чет өлкөлүк жаран бар.

"Ленин районунда 34, Свердлов районунда 33, Биринчи май районунда 35 жана Октябрь районунда 17 адам кармалды", - деди ал.

Орозалиев күн сайын коменданттык саат учурунда 100дөн кем эмес киши кармалып жатканын айтып, жарандарды коменданттык саатта сыртка чыкпоого чакырды.

Белгилей кетсек, 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий