• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коменданттык саатты бузган 137 жаран кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 31. 03.20./Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 137 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 116сы эркек, ал эми 18сы аял кишилер жана 3 өспүрүм.

"Ленин районунда 26, Свердлов районунда 62, Биринчи май районунда 24 жана Октябрь районунда 25 адам кармалды", - деди ал.

Аны менен бирге ал тартипти кароо үчүн жөө кайгуул түзүлгөнүн айтып өттү: Ленин районунда – 81, Свердлов районунда – 80, Биринчи май районунда – 55, Октябрь районунда – 120.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий