• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

25-марттан 22-апрелге чейин Бишкек шаарында 1 миң 370 кылмыш жана жорук катталган. Анын ичинен 1 миң 248 иштин бети ачылган.

"Коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалды: 39 эркек киши жана 4 аял. Өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын эрежелерин бузган 2 миң 362 жаран кармалган. Алардын ичинен 2 миң 52си эркек, 310у аял", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий