• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коменданттык саатты бузган 56 адам кармалды – комендатура

Коом 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 56 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Коменданттык саатты бузгандардын 47си эркек, 9у аял кишилер. Кармалгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң алар үйүнө коё берилген.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий