• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коменданттык саатты бузган 74 адам кармалды – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 74 адам кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 62си эркек, 12си аял кишилер.

Орозалиев, өзгөчө абал киргизилгенден бери, 25-марттан 6-апрелге чейин шаар аймагында канча кылмыш жана жорук катталганы тууралуу маалымат берди.

"Жалпысынан катталган кылмыш жана жоруктардын саны 516ны түзөт. Анын ичинен 467 кылмыш жана жоруктун бет ачылды", - деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкекте коменданттык саатты бузган 1 миң 450 адам кармалган. Алардын 1 миң 256сы эркек, 196 аял киши.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий