• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коменданттык саатты бузган 91 жаран кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 91 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 91 жарандын 82си эркек, 9у аял киши.

"Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкек шаарында 1 миң 254 кылмыш жана жорук катталып, анын ичинен 1 миң 139 иштин бети ачылган. 25-марттан бери коменданттык саатты бузгандардын саны 2 миң 260ты түзгөн. Алардын ичинен 1 миң 961и эркек, 299у аял киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий