• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте комендатура тарабынан биргелешкен мобилдик топтор түзүлдү - вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бишкектин комендатурасы тарабынан администрациялык райондор боюнча биргелешкен мобилдик топтор түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

“Тактап айтканда, Бишкек шаарынын ар бир районунда 4 топтон түзүлдү. Алар өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык иш-аракеттер шартында ишкерлик субъекттеринин арасында тийиштүү иштерди жүргүзүшөт”, - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, мобилдик топторго Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, КР ИИМ ЖККМК Бишкек шаары боюнча ИИББнын МККБнын кызматкерлери кирген.

Пикир

Оставить комментарий