• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте компьютердик клубдардагы жашы жете электерди аныктоо рейди жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Кабар/. Бишкекте түнкүсүн компьютердик клубдарда жана чоңдордун коштоосуз жүргөн жашы жете электерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүлгөнүн шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө 14 жашы жете элек аныкталды:

- «Спорт Арена» компьютердик клубунда - 5 жашы жете элек;
- «Акжолтой» компьютердик клубунда - 4 жашы жете элек;
- «BOOM» компьютердик клубунда - 4 жашы жете элек;
- «Альфа» компьютердик клубунда - 1 жашы жете элек.

Рейддин жыйынтыгында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн соң 6 өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Калган 8 өспүрүм өздүгүн аныктоо үчүн КР ИИМдин Жашы жетелектердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий