• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Бишкекте Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны өтүүдө.

Комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдиргендей, жыйын үч негизги секцияга бөлүнөт. Алар:

• Конституциялык түзүлүштүн негизи: бул жерде жергиликтүү бийликке байланыштуу бөлүмдөр дагы каралат. Урмат Амандиев секциянын башчысы, Канат Осмоналиев анын орун басары болду;

• Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо: Нурлан Шерипов секциянын башчысы, Темирбек Нурматов анын орун басары болду;

• Бийлик органдары. Болот Токтобаев секциянын башчысы, Чынара Ботобаева анын орун басары болду.

Бөрүбашев кошумчалагандай, секциялардын башчылары - юристтер, бирок Конституциялык кеңешменин курамында экономисттер, философтор жана башкалар бар.

"Секциялар күн сайын эртеден кечке чейин уланат. Жумасына эки жолу пленардык жыйын болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий