• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коомдук ишмер, журналист Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги, коомдук ишмер, журналист жана котормочу Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР маданият министри Кайрат Иманалиев катышып, өмүрү өрнөк инсан Тургунбек Суванбердиевдин басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу билдирүү жасап, бүгүнкү күндө аны эстеп кеңири коомчулук чогулуп тургандыгын баса белгиледи.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө, кандай жоопкерчиликтүү кызматтарда аркалагандыгын, адамгерчиликтүү бийик сапаттарын баса белгилеп, өзүнүн артында өлбөс- өчпөс из калтырып кеткендигин, аны кыргыз эли түбөлүккө эсине сактап калат деп кошумчалады.

Ошондой эле, иш- чарада КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков да катышып, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Тургунбек Суванбердиев сыяктуу кыргыздын чыгаан инсанын эстеп, анын урматына салтанаттуу иш-чара өтүп жаткандыгын кубануу менен кабыл алып жаткандыгына токтолуп, Талас облусунда дагы Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдыгына бир катар иш-чаралар өтөрүн белгиледи.

Иш-чарага коомдук-маданий ишмерлер, Тургунбек Суванбердиевдин туугандары катышып, концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий