• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте коомдук тартип бузгандар көчө тазалоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкекте коомдук тартипти бузган адамдар борбор калаа көчөлөрүн тазалоого тартылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, коомдук тартипти бузган, таштандыларды тыюу салынган жерге өрттөгөн, ичимдик ичип автоунаа башкарган адамдар мындай ишке тартылууда.

Учурда Свердлов районунун аймагында мындай беш адам көчөлөрдү тазалап жатат. Аларга милиция көзөмөлдүк кылат.

Былтыр жыл аягында Административдик жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, эл көп жерде сөгүнгөн, башкаларды мазактаган сөздөрдү колдонгондорго миң сомдон 3 миң сомго чейин айып салынат.

Төлөй албаса сегиз сааттык коомдук жумушка тартылат же беш суткага камалат. Мурда мындай бейбаштык үчүн жаза 100 сомдон 200 сомго чейин болгон.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тилемчиликке, ичимдик ичүүгө же тамеки-маңзат чегүүгө түрткөн кишилерди да сегиз саатка камоо жазасы киргизилген.(BkA)

Булак: "Азаттык"

Пикир

Оставить комментарий