• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларынын арасында "Достук" турнири өттү

Спорт 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата коомдук транспорт айдоочуларынын арасында кичи-футбол жана волейбол боюнча "Достук" турнири болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кичи-футболдук турнирге автотранспорт ишканаларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментинин кызматкерлеринен турган 19 команда катышты.

Муниципалдык ишканалардын командаларынын арасында турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1 – орун - "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИси;

- 2-орун - "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы"МИси;

- 3-орун - Транспорт департаменти.

Муниципалдык кичиавтобустар арасындагы турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун - №101 маршруттук каттам;

- 2-орун - №227 маршруттук каттам;

- 3-орун - №260 маршруттук каттам.

Ал эми волейбол боюнча турнирге 16 команда катышып, турнирдин жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү командалар аталды:

- 1-орун - №212 маршруттук каттам;

- 2-орун - №173 маршруттук каттам;

- 3-орун - №179 маршруттук каттам.

Пикир

Оставить комментарий