• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорт дем алыш күндөрү да иштей баштайт. Дагы кандай чектөөлөр алынды?

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Бүгүн 20-августтан тарта Бишкекте коомдук транспорттун иш тартиби өзгөртүлүп, айрым чарба субъекттеринин иш убактысы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, эми шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) дем алыш жана майрам күндөрү да иштемекчи. Ошол эле учурда алар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштегенге уруксат берилди.

Супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.

Сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди киреге берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.

Ошол эле учурда тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат бериле элек.

Пикир

Оставить комментарий