• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштайт, атайын санитардык эрежелер жана талаптар иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бишкектин тургундары 11-майдан баштап коомдук транспорттун кызматтары менен колдоно алат. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал маалымдагандай, 11-майдан тартып шаарда коомдук транспорт жүрө баштайт, ал үчүн атайын санитардык эрежелер жана талаптар иштелип чыкты.

Үсөнбаевдин айтуусуна караганда, атайын дезинфекциялоо иш-чаралары уюштурулуп, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу жагы катуу көзөмөлгө алынат. Башка айтканда, айдоочу салонго ашыкча жүргүнчү салбашы керек.

Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ге жетти. Алардын ичинен 231и медицина кызматкери. Илдеттен 658 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий