• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорт жарнактардан тазаланат

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жыйын өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар коомдук транспорттун айдоочуларынын эстетикалык көрүнүшүн жана тейлөө маданиятын, коомдук транспорттордогу кырсыктарды жана кыймылдуу курамдын санитардык абалын талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдарда (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорттук ишканалардын жетекчилерине жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, атап айтканда, жүргүнчүлөрдү аялдамаларда отургузуу жана түшүрүү боюнча бригадирлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоо тапшырылды.

Мындан тышкары, бардык транспортту иретке келтирүү, 1 айдын ичинде жарнамаларды алып салуу жана аны жаңыртуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий