• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Коомдук транспорттогу электрондук билет" долбоору толук кандуу ишке ашырылууда - мэрия

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык коомдук транспорт өзгөчө кырдаал шарттарында иштөөсү боюнча онлайн брифинг өткөрүлдү.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында шаардык мэрия Швецариянын BPC компаниясы менен биргеликте «Тулпар» долбоорун ишке ашырууда.

«27-августка карата шаардыктар «Тулпардын» 100 миңдей стандарттык көк, 38 миң жеңилдетилген кызыл жана 6 миң 175 окуучулар үчүн жашыл карталарды алышты. Дагы сатыкка 90 миң көк, 50 миң кызыл жана 60 миң жашыл карта даярдалды», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, жашыл карталарды алуу үчүн мектеп директору расмий кат менен окуучулардын тизмесин «Тулпар» компаниясына жиберүү керек.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы С.Хакимов азыркы учурда башкармалык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө шарттарды түзүү иштерин баштагандыгын жана транспорттук каражаттарды сатып алууда транспорттордун кириштеринде жапыз пандустары бар, өзгөчө жүргүнчүлөр үчүн орундардын болушуна өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын белгиледи.

Мэриядан кошумчалашкандай, 140 троллейбустун 115 троллейбусу пандустар менен камсыздалган. Азыркы учурда айдоочулар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштөө боюнча окууларга катышып, өзгөчө шаар тургундарына жардам беришүүдө.

Эскерте кетсек, шаардык транспорт (автобус, троллейбус жана кичи маршруттар) дем алыш жана майрам күндөрү да иштеп баштады. Иш убактысы саат 7:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн 23:00гө чейин. Саат 11:00дөн 14:00гө чейин санитардык тыныгуу. Бул учурда транспорттордун ичи тазаланып, дезинфекцияланат.

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылуу керек;

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршуттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Пикир

Оставить комментарий