• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коомдук унаалар текшерилип жатат

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Бишкекте “Жүргүнчүлөрдүн транспорту. Унаа токтотуучу жай” аталышындагы кезектеги текшерүү иштери журүп жатат. Рейд коомдук транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү, айдоочулардын жол эрежесин сактоо боюнча жүргүзүлгөнүн Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биргелешкен текшерүү иштери шардык транспорттук башкармалыгы, автомобилдик, суу транспорту агенттигинин, патрулдук милиция башкармалыгынын жана салык кызматынын өкүлдөрүнүн жардамы менен ишке ашкан.

Иш чаранын жүрүшүндө кичи автобустардын жана автобустардын техникалык абалы, жол эрежелеринин бузулушу, алардын ичиндеги жүргүнчүлөргө түзүлгөн шарты текшерилди. Ал эми салык кызматынын өкүлдөрү тарабынан жүргүнчүлөргө кызмат көрсөткөн айдоочулардын төртүнчү топтогу салыктын төлөгөндүгү текшерүүгө алынды.

Рейддин жыйынтыгында эки кичи автобус ар кандай эрежелерди сактабаганы үчүн айып төлөөчү автотурака жеткирилген.

Мындай текшерүүлөр Бишкек шаарында ушул айдын аягына чейин жүргүзүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий