• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө үчүн санарип платформасы ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасында коомдук транспорттун ишин автоматташтырылган диспетчердик башкаруусу боюнча презентация өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык транспорт башкармалыгы Gramori Project компаниясы менен биргеликте муниципалдык коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө үчүн жаңы санарип платформасын интеграциялады.

"Система азырынча тесттик режимде өткөрүлүп, автобустар гана кошулду. Жакында троллейбустар дагы кошулат", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык бийлик белгилегендей, бүгүнкү күндө муниципалдык автобустардын бардыгына видеокөзөмөл жана валидаторлорго байланган GPS навигаторлору орнотулган.

"Эми автобус паркында диспетчердик пункт иштей баштайт. Ал жерден ар бир автобустун, троллейбустун ишин байкоого болот. Платформа жүргүнчүлөрдүн агымынын көлөмүнө, каражаттардын түшүшүнө, аралыктын сакталышына, «Тулпар» карточкасынын колдонулушуна дайыма мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле айдоочулардын мыйзам бузуу фактыларын аныктоого жардам берет.

Белгилүү болгондой, транспорттук кызматтарды санариптештирүү долбооруна шаардын казынасынан бир да сом коротулган жок. Бардык чыгымдарды «Тулпар» электрондук билеттөө долбоорун ишке ашырган BPC KG уюму менен биргеликте Gramori Project долбоору көтөрдү.

"Автоматташтырылган башкаруу нөлдөн башталып, шаардын жолдору жана транспорттук кыймыл эске алынды",- деп билдиришти муниципалитеттен.

Белгилей кетсек, жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов шаар тургундары үчүн автобус жана троллейбустардын жүрүүсүн биле турган атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Gramori Project компаниясынын башкы директору Александр Ирискулов бул долбоор ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн белгиледи.

Шаардык мэрия коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылууну эскертет:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Пикир

Оставить комментарий