• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттун жол акысын жогорулатуу боюнча долбоорду коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, бир жүргүнчү үчүн жол акысы төмөнкүчө жогорулайт:

Троллейбус – 15 сом,
Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;
Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;
Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом,
Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом,
Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.

Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы:
Мектеп окуучуларына – 320 сом,
Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.

Пикир

Оставить комментарий