• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коомдук унаада уурулук кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Бишкекте коомдук унааларда уурулук кылган жаранды кармашкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын аягында милиция кызматкерине калаа тургуну кайрылып, коомдук унаалардын биринен уюлдук телефонун уурдаткандыгын билдирген.

Милициядан кабарлашкандай, кармалган 32 жаштагы кылышка шектүү адам мурда “Уурдоо” жана “Тоноо” беренелери боюнча соттолгон жана ИИМдин каттоосунда турат.

Күн мурун кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий