• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте коомдук унаалар күнүнө кеминде төрт ирет дезинфекцияланып турат

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бишкекте автобус, троллейбус жана кичи автобустар күнүнө кеминде төрт ирет дезинфекциялоо жана санитардык тазалоо жүргүзүлүп турат. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов кол койгон.

Мэриядан белгилешкендей, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көмөгү менен транспорттук кызматтар күнүнө унааларды хлор кошулган аралашма менен тазалап жатышат.

"Урматтуу жарандар, шаардык транспорттордо жүргөндө беткап кийип, унаанын кармагычын, майда тыйын, кагаз акча кармагандан кийин антисептик колдонуп, колуңуздарды самын менен жууңуздар", - деп эскертет Бишкек шаардык мэрия.

Шаардык штабдын номери: 625813, 0555839379 же WhatsApp: 0705 025 010. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун түз байланыш номери: 0555 920241.

Пикир

Оставить комментарий