• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте коомдук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Бишкекте №102 маршруттук унаа жүргүнчүлөрү менен “Mitsubishi Pajero” унаасы экөө кагылышкан. Натыйжада 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы кечээ, 14-сентябрда болжол менен таңкы саат 09:25 чамасында Горький жана Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруу кызматкерлери жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшүп, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

Эске сала кетсек, бул коомдук транспорттун катышуусундагы биринчи жол кырсыгы эмес.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2017-жылдан бери 3904 жол кырсыгы катталса, анда 504 адам каза болгон дагы 5909у жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий