• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте коомдук жайда тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамдын сакталышы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районундагы коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамдын шаардыктар тарабынан сакталышы текшериле баштады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейдге акимчиликтин, МАБдын, ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.

Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, дискотекаларда, кальян залдарында, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында КР “Ден соолукту коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 83, 84 жана 85-беренелерине ылайык, жаран коомдук жайда тамеки чегип жаткан жеринен кармалса, жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий