• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын аткарылышын текшерүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын шаардыктар тарабынан аткарылышын текшерүү боюнча рейддер жүрүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейдге акимчиликтин, МАБдын, ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.

Рейддик иш-чаралар Свердлов районунун аймагында жайгашкан көңүл ачуу жана коомдук жерлерде өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 19, № 24 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки түтүнүнөн жана аэрозолдордон коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий