• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коопсуз аборт боюнча медкызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну талкуулашууда

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Бишкекте “Коопсуз аборт боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу” аталышындагы техникалык жыйын өтүүдө.

Эксперттердин пикири боюнча, далилденүүчү медицинанын принциптерине негизделген коопсуз, жөнөкөй жана натыйжалуу кийлигишүүлөрдүн бар болгонуна карабастан, жыл сайын 22 миллион коопсуз эмес аборт жасалат. Бул энелердин ооруларынын жана өлүмүнүн глобалдык түйшүгүнө чоң салым кошууну улантууда.

Кыргызстанда 2015-жылы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн арасында эң жогорку болгон. Казакстанга салыштырмалуу 6,3 эсе, Тажикстанга салыштырмалуу 2,4 эсе, Түркмөнстанга салыштырмалуу 1,8 эсе, Өзбекстанга салыштырмалуу2,1 эсе көп болгон.

Техникалык жыйындын максаты:

  • Өлкө боюнча коопсуз абортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча долбоордун программасын катышуучулар жана эксперттер менен талкуулоо;
  • Медикаментоздук аборт үчүн сапаттуу жана сертификациядан өткөн дары каражаттарын колдонуудагы чектөөлөр жана тоскоолдуктар, импортко байланыштуу учурдагы абалды талкуулоо жана жеткирүүчүлөрдүн коопсуз жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыздоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу;

Техникалык жыйынга Саламаттык сактоо министрлигинен, Дары менен камсыздоо департаментинен, мамлекеттик медициналык мекемелерден, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан, дарыларды жеткирүү боюнча ири компаниялардан, жарандык коомдон жана башка кызыккан тараптардан 60 катышуучу катышат.

Пикир

Оставить комментарий