• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Коопсуз кичирайон” долбоору ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 23.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө “Коопсуз кичирайон” аттуу долбоор ишке кирди. Ал долбоор №6 кичирорайонунун аймагында иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баштапкы этапта мектеп, бала бакча, парк, сквер жана башка административдик объектилердин жанында жана көчөлөрдүн кесилишинде 72 видеокамера орнотулган.

Бул долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн. 500 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетчү нерсе, коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган долбоор кичирайондун жашоочуларынын арасында колдоо тапкан.

Долбоордун өзгөчөлүгү анын байкоо борбору, техникалык сервери шаардык милициянын №3 бөлүмүндө жана Октябрь райондук милиция бөлүмүндө жайгаштырылган. Милиция кызматкерлери кичирайондогу абалды күнү-түнү көзөмөлдөшөт.

Бул долбоордун ишке кириши жол кырсыктарынын санынын азайышына алып келген. Эгер 2018-жылдын биринчи кварталында 109 факты катталса, 2019-жылдын биринчи кварталында болгону 20 жол кырсыгы катталган.

Ошондой эле камералардын жардамы менен кичирайондун аймагында жасалган бир нече уурулуктун бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий