• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун толук планынын бет ачары өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Бишкекте Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде “Коопсуз шаар” долбоорунун толук планынын бет ачары өтүүдө. Аны аталган комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров өткөрүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, “Коопсуз шаар” – “Акылдуу шаар” масштабдуу долбоорунун бир гана компоненти. Ал борбордун көчөлөрүндөгү, эл аралык трассалардагы жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоону камтыйт.

“Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун максаты – жолдордогу кырсыктардын жана өлүмдөрдүн санын төмөндөтүү.

“Долбоор “сервистик үлгү” боюнча ишке ашырылат. Башкача айтканда, жалданма компания бардык техникалык инфраструктураны орнотуу менен өз алдынча алектенет, камераларды сактоого жана алардын абалына көз салат. Алынган фиксация фактылары Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, транспорттук каражаттын ээсине жиберилет”, - деп билдиришти иш-чарада.

Долбоордун алкагында 110 автоматташтырылган комплексти камтуу пландалууда:

  • Анын ичинен 38и көчөлөрдүн кесилиштеринде орнотулат;
  • 4өө шаардагы жогорку ылдамдыктагы саптарда;
  • 48 Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-“Манас” аэропорту, Бишкек-“Ак-Жол” чек ара пункту унаа жолдорунда жана 20 көчмө комплекстеринде.

Пикир

Оставить комментарий