• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны башталды. Күн тартибинде эки маселе

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий