• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коорупцияга каршы Координациялык жыйын өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" резиденциясында укук коргоо, фискалдык, өз алдын жергиликтүү башкаруу жана башка мамлекеттик органдарынын катышуусу мнен коррупциянын алдын алуу боюнча Координациялык жыйын өтүүдө.

Аталган иш-чаранын күн тартибинде мамлекеттик сатып алуулар жана саламаттык сактоо системасында коррупциянын алдын алуу маселелери каралат.

Ошондой эле Координациялык жыйындын мурунку 2018-жылдын 8-июнунда кабыл алынган чечиминин аткарылышы жана Координациялык жыйындын 2019-жылга карата иш планы тууралуу маалымат угулат.

Жыйын Жогорку Кеңештин, президенттин аппаратынын, Коопсуздук Кеңештин катчылыгынын, өкмөттүн аппаратынын, Жогорку соттун, Эсеп палатасынын, укук-коргоо органдарынын, тиешелүү ведомстволордун, бейөкмөт уюмдардын жана эксперттердин катышуусу менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий