• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте коронавирус бар деген шек менен эч ким ооруканага түшкөн жок – Исаков

Ден соолук 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирус бар деген шек эч ким ооруканага түшкөн жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, эркин экономикалык аймактын кызматкерлери, Кытайдын жарандары дене табы көтөрүлүп ооруканага жеткирилди деген маалымат туура эмес.

"Бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу", - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, сырттан келген жарандар термографиялык камера менен текшерилүүдө. Кытайдан келген клиникалык белгилери жок кытайлык жарандар лабораториялык текшерүүдөн өтүп, 3 күн боюнча анамнез жүргүзүлөт.

Лабораториялык анализ терс чыккандан кийин жана эпидемиологиялык анамнездин жыйынтыгы менен алар жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жиберилип, 14 күн бою байкоодо болот.

Санитардык-карантиндик текшерүү учурунда Кытайдан келгендерде курч респиратордук инфекциянын белгилери аныкталса, (келгенден кийин 14 күн ичинде медициналык жардам үчүн кайрылгандар сыяктуу эле) милдеттүү түрдө ооруканага жеткирилип, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт.

"Эркин экономикалык аймакта иштеген Кытайдын жарандары келгенден кийин үч күндүк обсервация жана лабораториялык текшерүүдөн өткөн. Баарынын саламаттыгы жакшы, курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери эч кимде болгон эмес. Лабораториялык жыйынтыктары терс чыккан. 14 күн аяктаганча алар Эркин экономикалык аймактын медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан байкоого алынууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий