• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте коронавирус менен ооругандар үчүн 466 орундук бош. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 4-август, саат 10:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 466 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда - 15;

- Улуттук фтизиатрия борборунда - 6;

- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 53;

- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 25;

- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 57;

- Улуттук кардиология жана и терапия борборунда - 19;

- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 27;

- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 53;

- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 40;

- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 20;

- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 48;

- Республикалык наркология борборунда – 37;

- Аскер госпиталында – 17;

- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 33;

- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 16 бош орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот. https://map.covid.kg/

Пикир

Оставить комментарий