• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандарды кайсы ооруканалар кабыл алууда?

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Республикалык штаб Бишкек шаарында коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканаларды атады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасы, Улуттук фтизиатрия борбору, Улуттук госпиталь, №1 шаардык клиникалык ооруканасы бейтаптарды кабыл алууда.

"13-октябрда саат 19.00гө карата жалпы бош койко-орундуктардын саны – 20, №1 ооруканада – 10 орун, Кыргыз-Түрк ооруканасында – 10 орун бар", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин койко-орундарды даярдоо планына ылайык, 14-октябрдан баштап кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалат. Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмониянын хирургиялык патологиясы бар бейтаптар үчүн Улуттук хирургия борборунда 15 орун, Улуттук онкология борборунда 11 орун, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 100 орун, Темир жол ооруканасында 15-октябрдан баштап 50 орун даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий