• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавирус жуккандардын саны өсүүдө. Бүгүн 183 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Акыркы суткада Бишкек шаарында коронавирус жуккан 183 жаңы учур катталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, анын ичинен 168 учур лабораториялык жактан тастыкталган. “Алар менен байланышта болгон 239 кишини каттоого алдык. 15 кишиден пневмония аныкталды, алар менен болсо 27 адам байланышта болгон”, - деди ал.

Рыскулбекова кошумчалагандай, кечээ 143 киши ооруканага кайрылган, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми 40 адам амбулатордук түрдө дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий