• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коронавирус жуккандарга караганда айыккандардын саны өсүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкекте коронавирус жуккандарга караганда айыккандардын саны өсүүдө, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августка карата борбор калаада 1 миң 247 адам коронавирус илдетинен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 445 учурду түздү, алардын ичинен 383 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 201, Биринчи май району - 59, Октябрь району - 52, Свердлов району - 71. Шаарда каттоосу жок - 62.

Жалпы учурлардын ичинен 270 учур белгилери бар, 175 учур белгилери жок, 378 учур амбулатордук дарыланууда, 67 учур стационарда дарыланышууда.

Акыркы суткада Бишкекте 5 өлүм учуру катталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий