• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте коронавирус жуктургандар республика боюнча бардык ооругандардын 42%ын түзөт – шаар мэри

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында коронавирус жуктургандар республика боюнча бардык ооругандардын 42%ын түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жумада кырдаал бир топ начарлап кетти.

“Бишкекте коронавирус менен ооругандардын саны 3617 адамды түздү, же республика боюнча бардык ооругандардын 42%ын түзөт. Конуштарда да кырдаал начарлады, COVID-19 менен ооругандардын саны 680 адамды түздү”, - деди шаар мэри.

Суракматов учурда улгайган жана эски оорулары бар адамдарды изоляциялоо өтө маанилүү, аларга өзгөчө кам көрүү жана өзүн изоляциялоо режимин камсыздоо керектигин айтат.

“Пневмония оорусу менен ооругандардын саны тез өсүп жатат, бул акыркы жылдардан бир нече жогору. Ооругандардын көпчүлүгү коронавирус лабораториялык диагнозу коюлганга чейин келип жатат. Бирок, өлкөнүн дарыгерлеринин жана башкы пульмонологунун маалыматтары боюнча бул коронавирус экендиги айтылып жатат. Мындай ооруп калуунун өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч алып келүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий