• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коронавирус жуктургандардын 55%дан ашыгын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт – мэр

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирус жуктургандардын 55%дан ашыгын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Ал белгилегендей, шаарда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 292ге жетти.

“Бишкек шаары боюнча Ленин районунда 725 киши, Октябрь районунда − 466, Биринчи май районунда – 446, Свердлов районунда 355 киши коронавирус жуктурган. Бүгүнкү күнү шаардын Ленин жана Октябрь райондорунда эпидемиологиялык абал начар болууда. Жакын арада аталган райондордун айрым жетекчилерине карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Коронавирус жуктурган 2 миң 292 кишинин 55%дан ашыгын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий