• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 292ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 292ге жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Акыркы 10 күндө ооруну жуктургандардын саны көбөйдү. 22-июнда 82 учур катталса, бүгүнкү күнгө карата 195 кишиден коронавирус табылды. Коронавирустан 21 киши каза болду. Каза болгондордун саны кескин көбөйдү. Ооруну жуктурган адамдар менен байланышта болгон 3 миң 706 киши медициналык көзөмөлгө алынган. Бишкек шаары боюнча Ленин районунда 725 киши, Октябрь районунда − 466, Биринчи май районунда – 446, Свердлов районунда 355 киши коронавирус жуктурган”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуктурган 439 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ти түзөт. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий