• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте коронавируска байланыштуу 14 мектеп карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Бишкекте окуучулар жана окутуучулар жамаатынын арасында коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу 14 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, учурда 69 окуучудан коронавирус илдети аныкталса, анын ичинен бир окуучу пневмонияга чалдыккан. Ошондой эле 24 мугалимден коронавирус табылып, анын жетөө пневмония менен жабыркаган.

“Бүгүнкү күндө COVID-19га байланыштуу 14 мектеп онлайн окутууга өткөн. Кечээ, 26-апрелден тарта 4 мектеп эки апталык карантинден соң кадимки режимде окуй баштады. Бирок, ошол эле күнү 5 мектеп карантинге жабылды. Эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, 9 мектептин окуучулары карантинден кайтышат”, - деп билдирди ал.

Мындан тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы белгилегендей, Бишкекте ошондой эле 2 муниципалдык бала бакча карантинге жабылды. Анткени бала бакчанын кызматкерлеринин арасынан коронавируска чалдыккан 5 учур катталган.

“Ошондой эле бир бала бакчанын даярдоо тобу дагы 2 апталык карантинге жөнөтүлдү”, - деп белгиледи Иманалиева.

Пикир

Оставить комментарий